www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда доктурлар милдеттүү түрдө дарыгердин кесиптик гимнин жаттап жатышат. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, жаңы жылдан бери бардык ооруканаларда кызматкерлердин эртең мененки чогулушу “Сиз Тажикстандын медицина кызматкеринин гимнин жаттадыңызбы?” деген суроо менен башталууда.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин мындай талабын аткарбаган кызматкерлер жазага тартылат. Доктурлардын кесиптик квалификациясы да гимнди билгенине жараша ыйгарылмай болууда.

Бирок талдоочулар министрлик адегенде калкты тейлөөнүн сапатына көңүл бурса деген пикирин айтууда. Прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр мекемеде иштеген 92 кызматкерге коррупцияга байланыштуу айыппул салынып, 42 кылмыш иши козголгон.

Былтыр Тажикстанда мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер жана мамлекеттик органдарда иштегендердин баары мамлекеттик гимнди жатка билүүгө милдеттендирилген. Ал эми Пенжикент шаарындагы мечиттердин биринин имамы гимнди жатка билбегени үчүн кызматтан алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости