www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата Мекен” партиясынын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Жоомарт Сапарбаев деген жигит 2010-жылкы революциядан кийин депутат болгон. Чынын айтыш керек Жоомарт Сапарбаев көп кыздардын идеалына айланган. Кыздар Жоомарттын акылына, билимине, адамгерчилигине деги койчу сүйлөгөнүнө чейин суктанышчу. Жоомарт билимдүү, интеллектиси жогору болуп, көптөргө ийгиликтин формуласындай эле туюлчу. Жоомарттын артынан жаштардын ээрчирин билген Текебаев Шаардык Кеңештеги шайлоодо да, аны тизменин алдына кошту. Ал миссиясын аткарды. Колунан келишинче шаардан добуш алып берди. Бирок, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо ал мандат алчулардын катарында болгону менен Текебаев анын мандатын Сайдулла Нышановго алып берип койду.
Сыягы, сүйлөшүү ошондой болгондой.
Анткени, Жоомарт Сапарбаев бул тууралуу капачылыгын айтып, эч кимге ооз ачып арызданган да жок. Бирок, Жоомарттын артыкчылыгын билгендер ага берилчү мандат Сайдулла Нышановго берилгенине ичи ачышып, Текебаев ак жүрөк адамды эмес, акчалуу адамды тандап алды деп нааразы болушту. Сайдулла Нышанов Атамбаевдин мактоо баракчасын алып, партиялаштарына сыртын салып, бийлик жакка ыктап кеткенде “Текебаев ушуну көрмөк. Буга ак дилден кызмат кылып, талабын талашкандар эмес, сатып кеткендер жагат” дешти. Сайдулла Нышановда ары-бери жүрүп көнүп калганбы Атамбаев бийликтен кеткенде эч нерсе болбогонсуп, баштагыдай “атамекенчилерге” ыктап, жер-жерлерди кыдырып, Текебаевдин апасына чейин учурашып келди.
Булак: NazarNews.kg