www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швецияда теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан кыргызстандык Атабек Абдуллаевдин жана Өзбекстандын беш жаранынын соту 7-январга белгиленди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Абдуллаевдин экстремисттик топторго тиешеси бар-жогун териштирүүдө.

Шектүү Ош облусунун Араван районунун тургуну экенин аныктап, анын ата-энеси менен байланышты. Алар уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышууда. Атабек Абдуллаевге байланыштуу чуулуу кабар узаган жылдын акыркы күндөрү ачыкка чыкты.

Швециянын прокуратурасы 27-декабрда билдирүү таратып, теракт жасоону пландаган деп шек саналып жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн үч жаранына айыбын угузганын жарыялады. Алар Өзбекстандын жарандары Фархад Ташмухаммедов, Бахтиер Умаров жана Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев экени айтылды. Булар менен бирге дагы үч киши “Ислам мамлекети” тобун каржылоо боюнча айыпталып жатканы кабарланды.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү азырынча 39 жаштагы Атабек Абдуллаевге байланыштуу маалыматтарга кененирээк комментарий бере элек. ИИМ гана бул жарандын тек-жайы жана анын экстремисттик топторго тиешеси бар-жогу такталып жатканын билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Бул жаран бизде диний экстремисттик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турбаган жаран болуп чыгып жатат. Башкача айтканда буга чейин каттоодо турбаганы белгилүү. Ал эми калган маалыматтар азыр такталууда. Ал бул жакта эмне иштерди кылып жүргөн, ал жакка кайдан барып калды - бул боюнча тааныштарын, туугандарын сурамжылап жатабыз. Толук маалыматтар иликтөө иштери аяктагандан кийин берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости