www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөшүү башталды десе эле, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, ак-көгүн аңдабай, курулай жалаалар менен бетке көө сыйпоо адатка айланып кетүү коркунучу бар. Коррупциячыны ала кушту атынан атагандай эле атап, так далилдерди  мойнуна шурудай илип  туруп, журт  алдында шермендесин чыгаруу ар бир жарандын вазийпасы.Бул  ар тараптан колдоого алынып, кубатталчу иш. Бирок бөйрөктөн шыйрак жасап, ойдон чыгарып же  чайканада бирөө айтты эле деп , кимдир бирөөнүн түрткүсү менен “сложный  шыбакчы”, тагыраагы, узун кулак  ушакчы  аталыштын кимге кереги бар  десең?

Мисалы, кээ бир  интернет сайттарда, гезиттерде Талас облусунун губернатору Марат Мураталиевди түз эле коррупциячы деп атап жар салышы мына ушундай ойго жетеледи. Кала  берсе Талас облустук драмтеатрынын курулушуна жумшалган 45 миллион беймаксат жумшалганын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын юристи Аскар Исабековдун  оозу менен тастыктап киришти.

Ал: “ Дегеле бул имараттын курулушунда ачыктан-ачык мыйзам бузууга жол берилген. Бул боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы учурдагы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев менен талаш-тартыштар болгон. Мисалы, объектини эксплуатацияга берүү 2017-жылдын октябрь айында Атамбаевдин катышуусунда болгонуна карабастан, курулуш башкармалыгы 2018-жылдын май айына чейин отчёт берип жүргөн. Анан да  бул  жерде баалар өтө жогору болуп көрсөтүлгөн. Маселен, жабдыктарга 7,5 миллион жумшалса, аны орнотуу 25 миллион сомго чыгып кеткен.

Мындан тышкары, отчётто январь айында имараттын сыртын жасалгалоого 12 миллион сом коротулганы жазылган. Бирок, биз, таластыктар кышында андай жумуш болгонун көргөн эмеспиз, — деп агынан жарылды. Бул коррупциялык иш боюнча УКМКга арыз жолдогон  Исабеков Мураталиев менен пикири келишпей, жумуштан чыгып кеткен.

Иттин  өлүгү  кудум ушул жерде көмүлүп жатканын байкаса болот. Таарынсаң Таласка бар дегенди түз кабыл алып, Таласка барбай эле ушерде жашап жүргөн Аскардын ич күптүлүгүн, көралбастыгын  кайсыл бир күч айттырбай туюп, иле салып, Аскарды Аскарчикке айлантышы менен, ирмемде  мына ушул  «шедевр-«1001 түн” жомогу көз жарып отурат. Оболу өзүңөрдүн артыңарды жакшылап  тазалап алсаңар жакшы болмок. Экинчиден, Аскар жана анын артында тургандарга  айтаарым, уялбаганыңарга караганда силерде бет деле калбай калган сыягы...Эл үчүн  башын баталгага сайып коюп, иштейин, артымда изим калсын деп катуу аракет кылып жаткан Маратты сыйлабайсыңар да, мыйзамды, Талас элин сыйлабайсыңарбы акыры? Ошончо эле жылаңач баатыр болсоңор, оболу тиешелүү арызды жолдоп, ушул ишти иликтеп, жиликтеп туруп, анан чүчкүрсөңөр эч  ким  эч  нерсе  демек  эмес. Саманкана өрттөнүп жатса Самарканды өрттөп жатканыңарды деги туясыңарбы? Ак ийилет, бирок кашайып дегеле сынган эмес. Ушуну  унутпагыла. Териштирүү  болуп, жыйынтыгы таптакыр башкача чыкканда, кайсыл бетиңер менен элдин жүзүн карайсыңар. Айла канча, уялбагандан өзүң  уял болуп, ушу тапта  өзүбүз уялып отурабыз, бутубуз менен жерди чукуп...Аттиң!

Умар  Анарбаев,

«Акыйкат» кыймылынын төрагасы, Талас облусу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости