www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти В.Путин менен  КЭРнын лидери 26-апрелдеги сүйлөшүүлөрдөн соң, белек беришкенин ТАСС жазып чыкты.

Иштиктүү эртең мененки тамакты аяктап жатып, Путин Кытай лидерине  “Кытай –Россия кызматташтыгы” аталышындагы Исаак Гринштейндин 1956-жылы тарткан сүрөтүн белекке берген.

Ал сүрөттө СССР менен Кытайдын жумушчулары, Москва, Пекин, Алма-Ата жана Ланьчжоу темир жолунунун алкагында учурашып жаткандыгы тартылган.

Ал эми Си Цзиньпин, орус лидерине “Достук” мейманканасынын  күмүштөн жасалган ашкана буюмдарын жана  “Улуу Жибек жолундагы улуу чабандес” стауэтинин керамика түрүн белек кылды.

Эске салсак, “Достук” мейманканасы 65 жыл мурун эки өлкөнүн кызматташтыгына арнап салынган.

Ал эми, кечээ Орусияга келген Түндүк Кореянын  лидери Ким Чен Ын менен  В.Путин сүйлөшүп алгандай бири-бирине  белекке кылыч даярдап койгону, иш сапардын аягында белгилүү болгон.  

Бирок, эки өлкө башчы муну жаман ырым катары санап, кайра тыйын белекке беришкен.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости