www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган адам ишкерден пара талап кылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тарабынан колго түшүрүлдү.

Белгилүү болгондой, Финансы полициясына жергиликтүү тургун арызы менен кайрылып, анда өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган адам андан бир миң АКШ долларын талап кылып жаткандыгын кабарлаган. Анын талабы аткарылбай турган болсо ага каршы кылмыш иши козголо тургандыгын айтып коркуткан.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Укук коргоо органдары пара талап кылган адамга белгиленген купюраларды даярдап койгондугу менен ал акыркы мүнөттөрдө акчаны накталай эмес, банктык эсепке которууну талап кылган.

Арыз ээси акчаны банктык эсепке которгондон кийин кылмышка шектүүнү Ош шаарынын соода түйүндөрүнүн биринде колго түшүрүшкөн. Текшерүү маалында шектүү эч жерде иштебегендиги жана милициянын мурдагы кызматкери экендиги аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости