www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Дагестандын Дербент шаарынын сегиз жаштагы тургуну Раисат Акипованы Кремлде кабыл алды. Раисат Путиндин Дагестанга болгон иш сапары учурунда аны менен жолуга албай калган.

Жолугушуунун кадрларын «Россия» телеканалынын  журналисти Павел Зарубин Telegram-каналына 4-июлда жарыялады.

Президент кызга жана анын ата-энесине Кремлге экскурсия жүргүздү.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү кечинде Путин Дагестанга иш сапары менен келген. Расмий иш-чаралардын соңунда президент Дербенттин тургундары менен жолугушууга чыгып, аны дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышкан. Низами Гянджави атындагы сейил багында мамлекет башчысын көрүүгө миңдеген адамдар чогулган.

Кийинчерээк интернетте жарандардын көптүгүнөн Путинди көрө албай ыйлап жаткан кыздын видеосу пайда болгон. Ал Раисат Акипова болуп чыккан. Ал «Известия» гезитине берген маегинде Кремлге барууну жана президентти көрүүнү кыялданарын айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости