www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жуманын эң чон окуясы Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчиси камакка алынганы болду. УКМК бул камоого алуу боюнча бир дагы конкреттүү далилди келтире алган жок. Жалгыз гана айыптоочу факт катары атайын кызматтар тендерди уткан литвалык "Гарсу Ласаулис" фирмасынын баасы 253 миллион сомго немис "Мюль-бауэр" фирмасынан кымбатыраак "заявка"тапшырган деп атышат. Бирок, тендердик баа көптөгөн критерийлердин бири гана экенин атайын кызматтар эске албай атканы чын.

Анткени, "Мюльбауэр" фирмасынан айырмаланып, калган үч фирма баардыгы ошол 940-950 миллион сомго "заявкаларын" тапшырышкан. Дагы бир катышуучу Казакстандын улуттук банкы 1.5 миллиард сомдук заявкасын жөнөткөнүн эске алышыбыз керек.

Эксперттердин баамдоосунда "Мюльбауэр" фирмасы өзүнүн "заявкасында" евронун кыргыз сомго беш жыл бою алмаштыруу курсун эсепке алышкан эмес. Мындан сырткары бир канча документтерди тендердик комиссияга тапшыра албагандыгы боюнча айтылып келет.

Айтоор, бул чырдын кесепети чоң эле болчудай. Жаңы бийлик мындай конкурстарды өткөзө албаса, анда эч кандай алдыга жылыш болбой турганы белгилүү эле. Баарынам дагы жаш компьютер адистердии эч кандай далили жок камакка алынышы, прогрессивдүү жаштар жана либерал катмарды Сооронбай Жээнбековдон алыстатып, аны менен нааразы кылгандай болду. Президенттин алдында санариптештирүү боюнча эксперттердин кеңешинин курамынан белгилүү ишкер Азиз Абакиров чыкканын кечээ күнү жарыялаганы өтө катуу сокку катары сезилди. "Биз Сизге мындан ары ишене албайбыз" - дейт Азиз мырза.

Президент Жээнбеков бул жылды "санариптештирүү жылы" деп жарыялап, өткөн өкмөт баштап койгон "Таза коом" сыяктуу программаларды ишке ашырып, ошол аркылуу жетишкендиктерди көргөзө алганга умтулганын эске алсак, андай аракеттин ишке ашышы күмөн болуп калды десек болот.

Бийлик азыркы учурда толугу менен УКМКнын мыйзамсыз козголгон ишин токтотуп, тендерди кайра калыбына келтирип, жаңы муундагы паспортторду январдан кеч калбай таратып баштай албаса, жаштардын жана айти технологияларга кызыккэн катмардын ишенимин сактоого кыйын болуп калат.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости