www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Демократтардын түрлөрү бар бирок эң негизги экөө - булар социал-демократтар менен либерал-демократтар. Мындай пикирин жарандык активист Эркинбек Керимов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Динчилдерби же демократтарбы?
Жолубуз - пайгамбар жолу. Сахабалар жылдыздар сыяктуу, ээрчисек адашпайбыз. Кепилдигин пайгамбарыбыз берген. Демек, сахабалар доорунан үлгү ала турчу көптөгөн мисалдар бар. Алгач Абу Бакирди алсак; ал улуу инсандан досуна, динине болгон берилгендиктин үлгүсүн, адилеттүүлүктүн символу болгон азирети Омардан тайманбастыктын ажарын, азирети Осмондон кичи пейилдиктин мисалын, азирети Алиден эр жүрөктүктүн өрнөгүн жан дүйнөбүзгө жайгаштыра алганда мыкты адамдар арабыздан чыкмак. Чыкканда азыркы туңгуюкка кабылмак эмеспиз. Арийне карманган динибиздеги баалуулуктар бизге жетиштүү негизи. Бирок дин-саясат маселесинде биринчилерден болуп мусулман өлкө катары оюбузга саясий исламизм келет. Болбосо дин өзүнчө таза, тунук бойдон калып саясатта колдонулбашы керек эле. Анткени саясий исламизм, ислам динине жабынып элдин тунук сезимин багындырууга, жалпак тил менен айтканда уурдоого барабар болуп калышы мүмкүн.
Дегеним акыркы парламенттик шайлоодогу үгүт иштеринде бир жагынан диний аалымдардын аты, алардын айткандары колдонулса, бир жагынан диний атты жабынып шайлоого аттанган партия да болду. Кимдери динибизди саясий упай топтоого жумшады. Бул мисалга Египеттин ихваны муслимин, Түркиянын милли гөрүшүн, Либандын хизбуллах партиясын кошуп кетсек болот. Эми ойлоп көрсөңөр динчил партия мүчөлөрүнүн кандайдыр бир кетирген кемчилик же каталары жарыкка чыкса кимге зыяны тийет? Же ошол эле динчил партия бийликке келип экономикалык жана социалдык реформалар жүргүзө албай какай түшсө кимге сөз тйиет? Албетте динибизге.
Ошондуктан, саясий исламизмдин же Исламды саясатта колдонгондордун канчалык түз ниеттери болсо дагы динге залака тийгизгенге эч кандай укуктары жок. Таза баалуулуктар саясий амбицияларга садага чабылбашы керек. Шарият шайлоо менен келбейт, шариятты арким өзү жашаш керек. Ошондо ак менен кара бөлүнө баштайт. Кыйынсыңбы, кыйындыгыңды кылган кызматың менен көрсөт, динге жамынба.
Байкап көрсөм, кичине иш кылып кыймылдап койгондордун көбүнө депутаттыкка талапкерлик сунушу түшүптүр. Көпчүлүгү партиянын платформасына, идеологиясына, курамына карабай макулдугун берип кадам ташташты. Арбир партияда карама-каршы пикирдеги талапкерлер жүрөт. Оңчулбу же солчулбу, капиталистпи же коммунистпи, либералбы же социалистпи аралашып кетишкен. Кээбири кайсы идеологияны карманганын деле билбесе керек. Эптеп Жогорку Кеңешке жетип алсам ары жагын көрө жатаарбыз дегендер. Бир гана Бир бол партиясы өзгөчөлөнүп турду. Бул эми башка кеп.
Айтайын дегеним демократтар жөнүндө болчу. Демократтардын түрлөрү бар бирок эң негизги экөө - булар социал-демократтар менен либерал-демократтар. Бирок мекенчил демократтарды дагы унутпаш керек. Мекенчилдик бул бир гана улутчулдук эмес. Мекенчилдик улуттук баалуулуктарды туу туткан, мекенин сүйгөн романтиктер. Бизде «балконскийлер» түшүнбөгөн көрүнүш бул тартипти кысым катары көрүүсүндө. Болбосо тартип менен демократиялык түзүм бир-бирине терс келбеген, өзүбүздүн менталитетке туура келген, аң сезимибизди сугарган система.
Булардын саясий, социалдык жана экономикалык идеологиясы учурубуздун талабына жооп бере алат деп эсептейм. Саясий режимибизге, конституциялык тартипке, каада-салтыбызга, улуттук баалуулуктарыбызга, маданиятыбызга, динибизге, ал тургай башка диндерге, улуттарга эч кандай залакасы жок.
Эң маанилүүсү татыктуу, кесипкөй, адам укугун сыйлаган, чынчыл саясатчы жана ишмерлерден курам курап, тытынып иштеп, жыйынтык көрсөтүп беришсе эле болду. Намысы, мекенчилдиги, ыйманы өзүнүн иши. Демократтын кемчилиги өзүнө. Татыктуу саясий элита демократиялык баалуулуктарга ээ, чынчыл саясатчылардан чыгат. Эл үмүтүн актап, элдин аң сезимин ойготот. Коомду алдыга ооздуруп, адилеттүүлүктү орното алчу саясий система - өзүбүздүн табигатыбызга туура келген демократия деп ишенем», - деп белгиледи ал.
Булак: NazarNews.kg