www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча ЖК депутаттары эмне дешти?

- Башынан эле булар ээрге кыйшык олтуруп алышып, өзүнүн шефинин берген буйругун кынтыксыз аткарышкан. Мен Сапар Исаковго ушул жерден айттым го “куранга карганалы” деп. Мен бул маселени акыр аягына чейин көтөрүп жүрдүм. Бирок Алмаз Шаршенович баш болуп, бизди, депутаттарды “эл душманы болосуңар! 1957-жылы курулган ТЭЦ эртең токтоп калса Кожобек элдин душманы сен болосуң, билип ал ушуну” десе, биз болгону ратификация кылып бердик. ТЭОсу жок деп айттык.

Юстиция министри Мамбеталиева “бул келишим эл аралык келишимге жатпайт” деп айтты. Сот Гонконгдо эмес, бул жерде болсун деп айттым, аны укпастан Сапар Исаков баш болуп, колу-бутту бурашты. Модернизация аткарылып бүткөндөн кийин комитет менен барып текшерели, Эсеп палатасы текшерсин десем, Алмазбек Шаршеновичтин ачуусу келип жатат “Токтотпойсунбу Кожобек!” деп эки жолу мени токтотту. Биздин айткандарды аткаруу бийлиги уруп да койгон жок. Текшерели десек Сапар Исаков колу-бутубузду бурап, тосуп турду.

Эмне үчүн Шадиевдин бухгалтери ТВЕАга барып иштеп калат? Бул түздөн-түз байланышы бар дегенди билдирет. Эмне үчүн мурун 150 млн. долларга бааланганды 386 млн. доллар деп алып келип жатышат? “Симменс” деген ТЭЦ куруп жүргөн компания келип, арзанга куруп берели деп жатты, укпай коюшту.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости