www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Мырзакматовдун жыгылган туусу кайра желбирейби?
2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында Мелис Мырзакматовдун эл колдой турган дүбүртүнөн улам кылмыш ишин козгошуп сыртынан соттоп жиберишкен. 2019-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов жергиликтүү ЖМКдын бирине “Улуттар Биримдиги” партиясынын негиздөөчүсү жана Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылуу даярдап жаткандыктарын маалымдаган.  Жогорку сот мындай жалган кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ишин кайра карай турган болду.

“Баатыр” болсоӊ жоопко тартылып, коркок болсоӊ “Манас” орденин аласыӊ

Убактылуу ѳкмѳт бийликке келген соӊ тѳрайымдын биринчи орун басары Атамбаев Кыргызстандын “№1 отдел кадрына” айланган. Кадрдык “резерви” жок Атамбаев айыл ѳкмѳттѳрʏн губернатор, шопурларын мамлекеттик кызматка кѳтѳрѳ баштады. Кадры жок болсо эмне кылат? Ошол эле ѳзʏ жамандап жʏргѳн кулкуну чоӊ Кулматов сыяктуу Бажыканада “коррупциялык схемаларды” тʏзгѳндѳрдʏ баса калып кызматка ала баштаган. Бир гана Оштун мэри Мелис Мырзакматов Убактылуу ѳкмѳттʏ “илинип турган колбасадай” кѳрбѳй, эл ʏчʏн кѳкʏрѳгʏн тосуп туруп берди. Аны канчалык алып тʏшѳбʏз деп интригаларды уюштурса да кылын кыйшайта алган жок. Тʏштʏктѳ “чымындын чычаӊындай” кадыр-баркы жок Атамбаев, бул жактагы кыргыздардан кадыр-барк кʏтѳ албасын билип, ѳзбек электоратын өзʏнѳ тартуу ʏчʏн Кадыржан Батыров сыяктуу эл бузарлар менен кызматташып, ѳзʏнѳ тартып турган. 2010-жылдын май айларында Тʏштʏктѳ ал-ахыбал оорлой баштаган Үсѳн Сыдыков, Исхак Масалиев сыяктуу “контррреволюционерлер” баш кѳтѳрʏп, Атамбаевдин келмеси оозуна келип, эл бузар Кадыржан Батыровго таянып, Кытайдын Бээжинин чапкансып, кыргыздын Тейиттин чаап, кыргыздын мамлекеттик туусун жыгышкан. Буга эрдемсинип калышкан Батыровго окшогон сепаратисттер, бийликтин алдында ѳз талаптарын коё баштаган. Албетте, алар ʏчʏн бийлик каалаган кызматтарын беришмек. Батыровдор кызматка тʏкʏрʏп коюшкан жок. Мурун ѳзбек тилин официалдуу тил кылабыз деп кʏпʏлдѳп жʏрʏшкѳн “Батыровщина” эми тʏз эле Тʏштʏктѳ ѳзбек автономиясын талап кыла баштады. Атаӊды, кокуй-ай, ал Атамбаевдин колунан келмек беле, же Тʏштʏккѳ ѳзбек автономиясын берʏʏ жер сатар Темир Сариевге “Манас” орденин бере койгондой кеп бекен? Кадыржан Батыров “Манас”орденин же Тейитти чапканы ʏчʏн “Кыргыз эл Баатырын” сураса “ме”-деп бере коюшмак да. Ал эми ѳзбек автономиясын Атамбаев миӊ берсе да, Кыргызстанда жашаган кыргыз калкы бермек эмес. Бийликтин колдоосуна дардалаӊдашкан Батыровдор “ѳзбек автономиясын” ала албасына кѳзʏ жеткен соӊ, куралдуу чатакка даярдык кѳрѳ баштаган. Колунда  коопсуздук комитети баш болгон, кʏч органдарын координациялап турган, оппозициянын чычканы жѳрмѳлѳсѳ билген Атамбаев муну кантип билбей калды экен? Таӊ?!

Ош окуясы чыккан маалда Убактылуу ѳкмѳттʏн ʏлкѳн чиновниги той ѳткѳзʏп, мамлекет жетекчилери той ʏстʏндѳ чалчактап, “танцы” тээп турган убак болгон. Ош, Жалал-Абадда жарандар кырылып жаткан... Эӊ биринчилерден болуп Оштун мэри Мелис Мырзакматов ДЗОТко тѳшʏн тосуп, тѳгʏлʏп турган канды кечип, атылган октон жалтанбай, эки элди жараштырып жʏргѳндѳ Атамбаев каякта эле?  Ошол мезгилдеги кʏч органдарын жетектеп турган Кубат Байболовдун айтуусунда: “Атамбаев июнь окуялары башталганда 7 кʏн бою “Форумда” бекинип жатып алган”. “Таппасаӊ сыйпалап кал”, мамлекеттеги экинчи адам, мамлекет согуш абалында турса 7 кʏн эмес, 7 саат жок болуп кетсе, Сталин аттырып салмак. Отунбаева Сталин эмес, бирок, эмне себептен ушундай оор кырдаалдарда жок болуп кеткени ʏчʏн Отунбаева жок дегенде биринчи орун басарына сѳгʏш берген эмес? Кагылайын калыӊ журт, калк башына кʏн тʏшкѳндѳ, кандай журт ээси башын калкалап жатат? Бул жерде эки версия бар. Биринчиси, той учурунда “высокопоставленный” мамлекеттик жетекчи ашыкча “майрамдап” алып, “психикалык комага” тʏшʏп калышы толук мʏмкʏн. Невропатологдордун айтуусунда алкоголдук ичимдиктен соӊ “психикалык комага” тʏшкѳндѳр (орусча “запой”),  бул “оорудан” айыгуу ʏчʏн туура 7 кʏн керек. Эгер андай болсо эл кол шилтегени менен кечирип коёт. Экинчиси, Ош окуяларын угуп алып, эл тынчыганча коркуп 7 кʏн бекинип жатты. Эгер андай болсо эл кечирбейт, эл башына кʏн тʏшкѳндѳ жашынып жатып алганы  болбойт. Бирок, ушундай коркоктугу  ʏчʏн  президент Отунбаева “Манас” орденин тапшырып жатты беле? “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”-дейт, Мырзакматовго окшогон эр жигиттер бекинип жатып алганда, анда эмне болот эле? Жок, Мелис мырза кантип жатып алсын, элди чатакташтыруу оӊой, ал эми чатакташкан элди жараштыруу Мырзакматовго окшогон жигиттердин колунан гана келет. Жашынып жатып алган Атамбаев эки элди жараштырам деп барса, аны кѳчʏккѳ тээп кубалап чыкмак. Элди жараштыруу ʏчʏн, эл арасында Мырзакматовдой кадыр-баркы болуш керек. Мырзакматовдун мындай эрдиги ʏчʏн жогорку наам кѳрсѳтʏшʏ керек эле. Жок, “Жоо кеткенден кийин кылычыӊды ташка чап”. “Тѳѳ кыядан ѳткѳн” соӊ, кыргыз ʏчʏн кыпындай иш бʏтʏрбѳй, Орусияда мигрант болуп ѳз жанын баккан Алиясбек Алымкуловго  министрге кошуп, “Кыргыз эл Баатырын” берип коюшпадыбы. Ал эми Мелис Мырзакматовдун артынан аӊдып жʏрʏшʏп, акыры Оштун мэринен мыйзамды бузуп алып тынышкан.

“Жетим “ инфляция желкеге минип желгени менен жегендер көбөйдү, Мырзакматов болгондо өсүш болор беле?

Убакыт учкан куштай закымдап баратат, бир гана Ош шаары эмес, кыргыз элинин батасына татый баштаган Мырзакматов мырзанын ысымы унутула баштадыбы же ушул парламенттик шайлоодо эскерилеби? Мырзакматов Атамбаевдик бийликке баш  ийбей тѳрт жылга жакын убак Ош шаарын жетектеп турду. Борбор калаанын мэри Иса Өмүркулов Атамбаевдин дасторконуна даамдууларды ташып жатканда, Ош шаарынын элине мамлекеттик бюджеттен Атамбаев бербесе койсун, деп өз кызматын курмандыкка чалып эл үчүн иштеп берген Мырзакматов канча жылдан бери элден алыстап турат. Эмне үчүн анын жалган соттолгону төгүндөлүп эл алдына келбейт?

 Ош козголоңунда жаңы төрөлгөндөр тогуз-он жаштагы балдар. 2010-жылы биздин аталарыбыз эмне ʏчʏн курман болушкан деп суроо беришсе ким жооп бере алат? Атамбаев эмне деп жооп берет?  “Мен бийликке жетиш ʏчʏн миӊ адамды курмандыкка салайын дегем. Аттиӊ аз болуп калды “ – дейби, анткени Кулов бул тууралуу китебине жазып чыккан. Же чындыгын айтабы: “Силердин атаӊар мен бийликке жетиш ʏчʏн каза болгон. Мен бийликке келдим, бирок эч нерсе ѳзгѳрбѳгѳнʏн мойнума алам. Бийликти мен алмаштырдым, калган эч нерсе ѳзгѳргѳн жок”-дейби?

Мырзакматов  тѳрт жыл ишинде Ош шаарында мэр болуп туруп шаардыктар ʏчʏн жеӊин тʏрʏнʏп иштеп берди. Татыктуу жооп бере алды. Калыстык менен ʏйʏ ѳрттѳнгѳндѳргѳ ʏй салынып берилди, мэрдин аталык камкордугуна кабылган Ош шаарынын тургундарына башка бардык кыргыз мамлекетинде жашагандар суктанса болот. Атамбаевдин бийлиги учурунда колго алынып даярдалган мыйзам боюнча бир жолу бюджетте айлык акыны кѳтѳрʏлгѳн. Болду. Андан соң Атамбаевдин бюджети айлык акыны кѳтѳрʏʏгѳ келгенде “уктап калды”. Ал эми инфляция деген киспуруш уктабайт экен да. Бул жетим кыргыздарга ѳчѳшʏп алды, кʏн сайын эмес, саат сайын албууттанып ѳсʏп турду.

Мырзакматов мэр болуп турганда инфляциянын ѳсʏшʏнѳ жараша бюджеттен айлык акыны кѳтѳрʏп турду. Ош шаарына Кыргызстанда жок эстакада кѳпʏрѳнʏн курууну ойлогон. Аны аягына чыгарбай мэрлик кызматтан сʏрʏп салышты. Ал эми Оштун мэри Мырзакматов Атамбаевдин “Тендербайларын”  тоготпой тендерге катыштырбай койгону ʏчʏн, Сарпашеви Карашевди жетелеп алып, Ошко жылаӊайлак чуркап жʏрʏп, Мырзакматовдун мэрлик кызматына кѳр казып жиберген. Оштун кайра куруу боюнча ойлогон, Ош –Бишкек жолунан, Ош-Жалал-Абад  курулушунун эсебинен чирип байыган “мамлекеттик деӊгээлдеги прораб” Жантѳрѳ Сатыбалдиев бул курулушту Бишкектин сунушу менен көзөмөлдөп, элди ойлобой өз капчыгын ойлоп, көп элди кан-какшатты. Бийлик алмашкан соң Мырзакматовдун да эл үчүн жасаган аракеттери туура бааланышы керек эле...

Сөз аягы

 Сыртынан соттолгон Мелис Мырзакматовго байланышкан кылмыш иши Жогорку Сотко 2019-жылдын 20-декабрында келип түшкөн. Анын иши бүгүн эртең менинки саат 09:30 каралмак. Бирок, кошумча материалдар менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурум 10-февралга жылдырды. Мелис Мырзакматов 2014-жылы издөөгө алынган. Ал “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан соттолгон. Мындан туура 200 жыл мурун, 1812-жылдын күзүндө орус армиясынын башкы командачысы, фельдмаршал Михаил Кутузов Москваны Наполеондун армиясына таштап кетип жатып: “Москваны алдыруу, Россиянын жеңилиши эмес, Россиянын жери кенен, эртең биз француздардын сазайын беребиз” - деп, кайра кайрылып келип, Наполеондун таш-талканын чыгарган. Ошол кездеги оппозициянын башкы командачыларынын бири Мелис Мырзакматов да Атамбаевдик бийликтин кыйтырлуу зордук-зомбулугунан Ош мэрин садага чаап, бул адилетсиздикке күйүп, бийликтин сазайын беребиз деп турган элди таратып жатып: “Биз жеңилдик, бирок эс алып келип, чилде чыккан соң бийликтин сазайын беребиз” – деген эле, 2014-жылдан бери алты чилде чыкты, Мелис Мырзакматовдун үстүнө шыбалган көө шыбалып отуруп какмар болуп бүткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости