www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коррупция менен күрөштө тандалма болобошу керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Коррупция менен күрөштө тандалма болобошу керек. Жакын досу, тууганына атак-даңктуу адам экенине карабай кармап, сыгыш керек. Азыр эл баарын карап турат. Тууганы, досунуна кандай чара көрөт болду экен дешүүдө. Эл эмнени кааласа элдин каалоосундай, талабындай болушу зарыл. Коррупционер ким болбосун кармап чара көрсө эл ыраазы болот. Мына жемкорлук менен күрөшүп жатабыз деп майда бараат иштер менен алектенбей чоң иштерди казыш керек. Чоң саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер болсо дагы чара көрсө дейм. Кандай гана жетекчи болбосун, министр болбосун ал өзү жетектеген тармакты катуу көзөмөлдөп, коррупция менен күрөшпөсө болбойт. Себеби, өзү ошол торго түшүп калышы мүмкүн. Ал башка иштер менен алектенип алаксып кетиши ыктымал. Ошондуктан кызматкерлерди жакшылап карашы абзел. Жетекчи катуу чара көрсө кызматкерлер дагы коркуп коррупцияга бара алышпайт. Мен айтаар элем мекенге ак кызмат кылып, элге жакшылап жардам беришсе. Карапайым эл ушул жетекчилерден көптү күтүп жатат. Элдин мүдөөсүн аткарышса”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости