www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусcиянын өло башчысы Александр Лукашенко анын мамлекети эч качан Орусия Федерациясынын бөлүгү болбойт деп билдирди. 14-декабрда Минскиде орусиялык журналисттердин алдында сүйлөгөн президент Беларус үчүн "суверендүүлүк – ыйык" деди.
"Кимдир бирөө Беларусту аймактарга бөлүп туруп Орусиянын субъектисине айланткысы келсе, андай эч качан болбойт", - деп баса белгиледи Лукашенко. Лукашенко Москваны мунай менен газ ресурстарын пайдаланып, Беларусту "өз аймагына камтуу" аракети үчүн айыптады.
Эки өлкө азыр кагаз жүзүндө гана калган Бирдиктүү мамлекетке бириккен жана аскерлери тыгыз кызматташат.
Аталган өлкө Евразия экономикалык биримдигине жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Байкоочулар орус президенти Владимир Путин эки структураны Москванын мурдагы советтик жумурияттарга таасирин арттыруу үчүн пайдаланат дешет.
Булак: NazarNews.kg