www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-декабрда экс-президент Атамбаев “Апрель” телеканалына интервью берди.

Буга чейин “ата-мекенчилер” экс-президенттин мурунку берген маегинде Текебаевди камоо туура эмес болгонун айтып, мойнуна алды, ошондуктан бул ишти кайрадан кароо кажет деп чыгышкан. Бул тууралуу Атамбаев:

“Шыкмаматов орусчаны түшүнбөй калып ушинтип жатса керек. Маек учурунда “закон боюнча алганда жазасы туура белгиленген” деп так айтылган. Мен жөн гана “мыйзамга баш ийбей эле Текебаевди каматтырбай койсом деле болмок” дегем.  Ким билет, мүмкүн, күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, бирок, мен тескерисинче, «бул бир чети жаза да болот, экинчиден Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар» деп айткам. Дагы бир жолу айтам, мыйзамды бузуп эле, Текебаевди боштондукта калтырып койсом болмок. Бирок, мыйзам боюнча алганда баары туура аткарылды. Миллиондор алынганбы алынган.”

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости