www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы террорчу Абу Бакр аль-Багдади жана анын оң колу Абу аль-Хасан аль-Мухаджир да жок кылынганын «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү ырасташты. Ошол эле учурда бул уюмга - Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши аттуу адам лидер болгонун жарыяланды.

Американын Коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясынан тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялап, анын айрым деталдарын ачыктаган.

Белгилей кетсек, аль-Багдади 26-октябрда Сирия менен Түркиянын чек арасындагы атайын операцияда жок кылынган. Анын жүргөн жерин аялдарынын бири суракка алынганда айтып берген.

Операциянын жүрүшүндө 6 согушкер жана 4 аял каза болгону айтылууда. Американын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи билдиргендей, Багдади өзүн эки баласы менен бирге жардырып жиберген.

АКШнын Коргоо министринин айтымына караганда, террорчу багынып берүүдөн баш тарткан. Ал аскерлерден туннелге жашынууга аракет кылып, жанкечтинин курун жардырып жиберген.

Ал эми 27-октябрда «NBC» телеберүүсүндө сүйлөгөн Американын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен, 2011-жылы денеси деңизге ташталган Усама бен Ладендики сыяктуу Багдадинин денеси дагы деңизге таштала турганын айткан. Анда белгилүү болгондой денени мындай жол менен көмүү ыкмасы террорчулардын мүрзөсү зыярат кылынчу жайга айланбашы керек. Буга мусулманчылыкта жол берилери кыйытылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости