www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Австрияда 2 жыл өткөн соң жоюлган президенттик шайлоого үн катпаган Батыш өлкөлөрүнүн Стамбулдагы муниципалдык шайлоону жаңылоо чечимин чыгарган Жогорку шайлоо кеңешинин чечимин сындаганына кош стандарттуулук деген серебин салды. Бул тууралуу TRT сайты билдирди.

Эрдоган Стамбулда Бирлик фондунун борборунда 39-өткөрүлгөн салттык Бирлик фондунун ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Стамбул шаарынын башчысын шайлоонун Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан 23-июнда жаңылануусу боюнча чечимин сындаган Батыш өлкөлөрүнө каршылык көрсөттү.

Эрдоган: "Австрияда эки жыл өткөн соң шайлоо жоюлду. Буга үн каткан эч ким болгон жок. Ал эми Стамбулдагы шайлоого байланыштуу кайрылуубуз дагы бирөөлөрдүн тынчын алып жатыптыр. Биз улуттук эркибиздин күрөшүн жүргүзүүдөбүз"- деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн Жогорку шайлоо кеңешинин чечими аркылуу Түркияны бутага алып, элдин 17 жылда ээ болгон кирешелерин жоюп, Түрк демократиясынын астын оюуга аракет кылып жаткандарына токтолгон Эрдоган: "Булардын 31-март шайлоосундагы уюшкан усулсуздуктарды көрмөксөнгө салууларынын, тактап айтканда үкөктөгү коррупцияны көрмөксөнгө салууларынын себеби ушул"-деди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости