www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исхак Масалиев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу Фарид Ниязовдун абийирин сындап өттү. Ал Фарид Ниязов жөнүндө төмөнкүлөрдү айтты:
- Көрсө, Фарид Ниязовдо уят бар экен. Бул тууралуу ал өзү билдирди, аны жаш блогер колдоду. Мен күмөнүм фейсбуктагы досторум тарабынан каршылыкка кабылды. Бул туура эле, анткени Фариддин да достору бар да. Бирок анын менин атамдын кадыр-баркын Атамбаев көтөрдү дегени - бул калп!
Республиканын мурдагы жетекчилери Усубалиев менен Масалиевге өзгөчө макамды Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышы мыйзам менен бекитип берген, ага Акаев кол койгон. Ал эми Өлкөнүн Баатыры деген наамды Апсамат Масалиевге үчүнчү чакырылыштагы депутаттар демилгелеп, Бакиев кол койгон. Ал эми Фариддин уяты тууралуу кеп кылсак, бул кишиде ал нерсе жок! 2010-жылы убактылуу өкмөттүн туура эмес иштерин кудум ушул киши иштеп чыккан, кудум ушул киши Атамбаевдин идеяларын уктурган.
Мен аны кошо уурдаган деп ырастай албайм, менде факт жок ага, бирок бул кишиде ыңгайын таап кетүү жөндөмдүүлүгү өтө күчтүү. Анын Атамбаевдин терс иштеринин ишке ашышына салымы чоң. Ошондуктан кыжырдануунун кереги жок. Ар кимдин өз пикири бар,- дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg