www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-октябрь күнү Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Тилекмат айылынын 2002-жылы туулган тургуну Д.И. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Жениш айылында өткөн көк бөрү оюну учурунда Саруу айылынын тургундары Э. жана Т. аттуу жарандар тарабынан ур-токмокко алынып, денесине жаракат алган. Бул тууралуу ПолитКлиника басылмасы жазып чыкты.
Окуя болжол менен саат 12:30да башталып, Тилекмат жана Саруу айылдарынын көк бөрү командаларынын ортосунда оюн жүрүп жаткан учурда пикир келишпестиктен улам чоң жаңжал чыккан. Натыйжада Тилекмат айылынын 1991-жылы туулган тургуну Ж.А. оор жаракат алып, эсине келбей каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү”) жана 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр катары О.Т., С.Э., Т.Т. жана Ж.Б. аттуу жарандар аныкталып, алар 13-октябрда Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
Белгилей кетчү жагдай — буга чейин да ушундай эле көк бөрү маалындагы жаңжалдардан улам адам өлүмү катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, соңку жылдары көк бөрү мелдештеринин коопсуздугу, уюштурулушу жана оюнчулардын жүрүм-туруму коомдо тынчсызданууну жаратып келет.
Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тактап, жаңжалдын себептерин аныктоо боюнча тергөөнү улантууда.