www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына жана конокторуна коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүү таратты.

ӨКМ өрт коопсуздугунун талаптарын сактап, өрт чыгышына алып келиши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырды.

Ошондой эле сууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди. Жарандарга каналдарга жана агымы катуу суу объектилерине түшпөө, балдарды сууда кароосуз калтырбоо эскертилди.

Тоолуу аймактарга баргандарга аба ырайын алдын ала эске алып, өздөрү менен баш кийим, жетиштүү көлөмдө суу жана аптечка алып жүрүү сунушталды.

Мындан тышкары, министрлик жарандарды айлана-чөйрөнү таза кармоого жана таштандыларды атайын белгиленбеген жерлерге таштабоого чакырды.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу керек. Куткаруучулар күнү-түнү кызмат өтөшөт.

ӨКМ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык катышуучуларын жана конокторун өз коопсуздугуна жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Последние новости