www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларда катышкан адамдар Солтон-Сарыда да болушкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана кен иштетүү комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутат Сагындык Келдибековдун “Бул атайын уюштурулган чыр-чатакпы” деген суроосуна, вице-премьер “антип айтуу үчүн далил жок” деп жооп берди.

Бирок, ал “Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларда катышкан адамдар Солтон-Сарыда да катышышкан. Алар эл алдына чыгып сүйлөшкөн. Телефон чалуулары да болгон, бирок азырынча бул тууралуу айтууга эрте”, -деп билдирди.

Бул билдирүүлөрдөн улам дагы бир нерсенин кулагы чыгып келе жатканы байкалат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости