www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги "Илмияновдун ишинде Сооронбай Жээнбековдун да аты атала баштаганыны үчүн айрым саясатчыларга кайрылып, президент бирөөнүн акысын тартып алган иштерге аралашышы мүмкүнбү?"- деген суроо узатты.
-Чындыгында, ууру тойгончо жегенден кийин ...эмне кылаарын баарыбыз жакшы билебиз да. Мурунку бийликтин жем корлорунун көбү камалышкандан кийин эми булар тактикаларын өзгөртүп, актанууну токтотушуп, мурунку өз партиялаштарына, азыркы бийликке көө жабууга арекет кылганга өтүшкөндүгү белгилүү болуп калды. Болуптур ал дооларларды шайлоо штабына бердик дегени менен, ошол штабды ким жетектеп турду эле деген суроо жаралат. Аны баягы эле Фарид Ниязов жетектебеди беле. Мындайча айтканда "колдон түшүшсө дагы кайра эле өз кончторуна" түшүп жатпайбы.
Бул жөн эле Жээнбековду эптеп ала жатып, жаманатты кылуунун эле аракети. Мындай көө жабуу аракеттери ушуну менен эле токтоп калбайт. Дагы да болушу мүмкүн. Себеби кандай болгондо да Жээнбеков КСДПнын белдүү мүчөсү болгондуктан аны ар кандай жем корлук иштерге байланышы бар деп чыкчуулар азыр толтура. Эң негизгиси мен Жээнбеков мындай ыплас иштерден алыс деген ойдомун.
Чынында Жээнбеков, мурунку партялаштарын жемкорлуктары үчүн текшерүү иштерин жүргүзүп жаткандыган эрдик катары баалайм. Мындай чечкиндүү кадамдарга Кудай деген жана таза адам гана бара алат....
Булак: NazarNews.kg