www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитенин маалыматына таянып жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өтө чоң өлчөмдөгү салыкты жашыруу боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалгандыгын жазып чыкты. Алардын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикасына оор залакасын тийгизген. Жалпысынан комитеттин кызматкерлери 17 адамды кармап, 55 тинтүү ишин жүргүзгөн. 

Атайын операция Караганда, Нур-Султан жана Алматы шаарларында өткөн. Анын жыйынтыгында шектүүлөрдөн электрондук жабдыктар (ноутбук, флэшка ж. б), жасалма мөөр, компанияларды башкаруу эсебинин санариптик ачкычтары жана чет элдик купюрадагы накталай акчалар табылган.  Мыйзамсыз жол менен 300 миллиард теңге (739 миллион доллар) банктык эсептен накталандырган. “Бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулгандан кийин мамлекеттик казнага 3 миллиард теңге ашыкча салык которула баштады”, - делет Улуттук коопсуздук комитетинин (КНБ) маалыматында.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости