www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоламан Шаршенбековду жакшы тааныйт.

Депутат Рыскелди Момбеков мындай пикирин бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спорт жана маданият тармагынын бюджетинин кыскарышы боюнча нааразычылыгын айтып жатканда билдирди.

"Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун барактап чыгып, таң калдым. Силер Жогорку Кеңештин бюджетин 80 миллион сомго кесипсиңер, Башкы прокуратураныкын 15 миллион сомго, Финансы министрлигиникин 21 миллион сомго азайтыпсыңар. Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгы 2 миллион 500 миң сомго кыскарыптыр. Эң кызыгы Маданият, маалымат жана туризм министрлигиникин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин тең жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага, Көчмөндөр оюндарына ким даярданат?

Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт. Бул бюджетти өзгөртө турган саясат эмес. Өкмөт башчынын отчётун карап, таң калдым. Эки жылда эч нерсе кылбаган өкмөт азыр бир нерсе кылабы? Ал биз эми аракет кылабыз деп жатат. Быйылкы жылы деле ушундай аракети менен жылдын этегинде элдин шоруна калат", - деди депутат.
Булак: NazarNews.org

Последние новости