www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШКнын мүчөсү жана КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери Нуржан Сатыгул кызынын уулу Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди. Бул туурасында айрым ЖМКлар жазып чыгышты. 26-декабрда Адилет Сатыгулов шайлоо комиссиясынын отурумуна катышты.

Бул Сатыгулов өлкөдөн кеткенден кийин катышкан алгачкы отурум болуп саналат.

Буга чейин жактоочу Нурбек Токтакунов «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз пайда болгонун билдирип, анын борбордук шайлоо штабынын короткон каражаттары жазылган документти жарыялаган.

Андан соң экс-президент Алмазбек Атамбаев аталган касса тууралуу штабдын бухгалтери билгендигин айтып, ал өз өмүрүнө корккондугунан чет мамлекетке чыгып кеткенин билдирген.

Мамлекеттик чек ара кызматы аныктагандай, КСДПнын штабынын бухгалтери социалдык тармактарга аталган документ жарыяланышына 4 күн калганда, тагыраак айтканда 11-ноябрда өлкөдөн чыгып кеткен. 18-ноябрда, экс-президенттин «Апрель» телеканалына берген маегинин анонсу жарыяланганда, бухгалтердин уулу Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. ИИМ алар келгенде коопсуздук камсыздап берерин убадалаган.

Эске салсак, Нуржан Сатыгул кызын мыкты адис экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбеков кайра өлкөгө кайтып келишине кызыкдар экендигин басма сөз жыйынында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости