www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» деген кепти тана албайбыз. Бирок кийинки убакта шыпырмак турсун күрөктөп ийгендер чыгууда.
Кыргызда «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деген кеп бар. Аларды да түшүнсө болот. Мурда-кийин жетекчи болуп көрүптүрбү?
Дегеним, «Электр станциялар» башкармалыгын жетекчиси Таалайбек Толубаев жетекчи болуп келээри менен өз кадрларын кызматтан көтөрүү менен алек болуп атыптыр. Албетте, куру аякка бата жүрмөк беле?
Алчусун алып, анан ылайыктап атат да. Жок дегенде бир жыл байкап, анан кадрдык өзгөртүүгө киришсе боло. Арийне жаңы шыпыргынын айынан анык адистер да четке сүрүлүп калышы ажеп эмес да. Мындай кырдаалда илибой тешикке кирип кетүүчүлөрдүн гана күнү тууй турганы бештен белгилүү иш. Келе калып эле чалгыча чаап, иштен четтетүү болмок беле?
Кичине убакыт өткөрүп, анан ишти жөндөй албай жаткандарды «көрөгөч» көзүңүз чалса, кызматтан четтетип баштасаңыз болмок экен, деп "Де-Факто" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg