www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эстрадасына жаңыдан кадам таштап келе жаткан ырчы Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин иниси менен кыз  жигит болуп жүргөнүн ачыктады. Толгонай өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жигити менен түшкөн сүрөтүн жүктөп көптөр күткөн суроолордун жообун берди.

Маалым болгондой, бир топ убакыттан бери Арзыкеева ырчы Нурмат Садыров менен сүйлөшөт экен деген имиштер тарап ырчылардын күйөрмандары жаңылык күтүп келишкен эле. Эми минтип Толгонай таптакыр башка жигит менен мамилеси бар экендигин ачыктап олтурат.

Бирок жигити тууралуу толук маалымат бере элек. Толгонай Арзыкеева көпчүлүк катталуучулары "Толгонай Нурматты ыйлатты", "Нурмат ыйлайт эми" деген өңдүү пикирлерди жазып калтырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости